• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Кышкысын үйдү жылуулап, энергоресурстарды үнөмдүү колдонууга өтүү зарыл – Кулумбетов

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстан энергоресурстарды көп пайдаланган өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу имараттардын энергоэффективдүүлүгү боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов билдирди.

Анын айтымында, эсептөөлөр боюнча өлкөдө 70 пайыздан ашык энергоресурстарды жеке турак үйлөр, 16 пайызды көп кабаттуу үйлөр пайдаланат.

“Энергоресурстардын көпчүлүгү сырттан келгендигине карабастан биз чынында көп пайдаланабыз. Мисалы, кышкысын электр энергиясынын кайсы бир бөлүгү, ошол эле көмүр, газ, нефти бизге сырттан келет. Эгер имараттардын бардыгын энергияны үнөмдөгөн деңгээлге жеткирсек, өлкөдөгү энергоресурстардын таңкыстыгын өзгөчө кырдаалдарга жеткирбей чечүүгө жетишмекпиз. Алсак 3,5 млрд кВт/саат электр энергиясы бизге кышында жетпей калат. Эгерде үйлөр, имараттар жылууланган болсо, 40-50 пайызга чейин энергияны колдонууну үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деди Жаныбек Кулумбетов.

Эксперт кошумчалагандай, Кыргызстанда 3 миллиондон ашык жылытуу каралган имарат бар, анын 1 миллиондон ашыгы жеке турак үйлөр. Учурдагы үйлөр жылуулукту кармап тургудай жаңы технологияларды колдонуу менен курулууда. Ал эми мурда курулган эски үйлөрдү, имараттарды жаңы ыкмаларды колдонуп жылууласа болот.

“Өзгөчө көмүр менен жылытууда эки чоң маселе бар, биринчиден экологияга, экинчиден үй-бүлөнүн бюджетине терс таасирин тийгизет. Азыркы турак жайлардын көпчүлүгү жылууланбагандыктан үйдө жылуулук көпкө кармалбай, көмүр көп жагылууда. Мисалы, Бишкектин тегерегиндеги 50дөн ашык жаңы конушта 60 миңден ашык жеке үйлөр бар. Ошол үйлөрдүн көбү ар кандай курулуш материалдары менен курулуп, жылууланбагандыктан кышкысын жылытуу учүн коп энергия жумшалат. Мисалы, азыр пескоблок менен үй курушууда, негизи ал сырткы имараттарды курууга ылайыкташылган материал”,- дейт эксперт.

Жаныбек Кулумбетов белгилегендей, статистика боюнча Кыргызстанда 1 жылда 10 миңге жакын имарат курулат жана алардын көпчүлүгүн жеке үйлөр түзөт. Көмүр жагууну эки эсе азайтсак, абадагы көмүр кычкыл газын да эки эсе азайткан болобуз. 2050-жылга карата көмүртек бейтараптыгына жетишүү аракетин ушундан баштоо керек.

“Үй-бүлөнүн бюджетин үнөмдөп, экологияга зыяндуулукту азайтуу үчүн үйдүн долбоорун түзгөндөн тартып пландап, жаңы ыкмаларды колдонуу менен кышкысын жылуу, жайкысын салкын болгондой үйлөрдү курушубуз керек. Себеби, азыр ар бир үйгө муздаткычтарды коюп жатышкандыктан, жайында да 10 пайыздан көп электр энергиясын пайдалануу өсүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар”,- деди эксперт.

Кыштын камын жазда көрүп эртелеп үйдү жылуулап, энерго ресурстарын үнөмдүү колдонуп, көмүрдү аз сарптасак, айлана-чөйрөгө, өз чөнтөгүбүзгө пайдалуу болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий