• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кышында электр энергиясына чектөөлөр жана өчүрүүлөр болбойт – энергетика министри

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Быйыл күз-кыш мезгилине даярдык жакшы болгондуктан, электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү жана чектөөлөр киргизилбейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңеште маалымдады.

Министрдин айтымында, эгерде электр линияларына күч келсе, жабдууну сактап калуу үчүн жөнгө салына турган иштер жасалат.

Ошондой эле ал ар бир райондук электр тармактарында кошумча бештен трансформатор камдалганын белгиледи.

"Чектөөлөр болуп калса ЖМКлар аркылуу алдын ала билдиребиз. Бирок азыр кайсы жерде электр кубатына күч келип каларын билбейбиз да. Жакында "Биринчи радиого" маек берсем, кээ бир маалымат булактары бир жарым саатка өчөт экен жазып жиберишти. Мындай болбойт. Эгерде күч келип калган болсо, фидерди башкага которуш үчүн гана өчүрөбүз. Быйыл энергетиктер кышка жакшы даярданды", - дейт министр өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий