• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Кытай элчилиги КР ИИМге 6,5 млн сомдук техникалык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Ички иштер министрлигине 6 млн 509 миң 624 сомдук техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жардам кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелеринде натыйжалуу өз ара аракеттенүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу максатында өткөрүп берилген.

Маалыматка ылайык, бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташуудагы ар тараптуу колдоосу, көмөктөшүүсү, ошондой эле КР Ички иштер министрлигине компьютер, оргтехника жана полиция жабдуулары түрүндө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков өлкөлөр ортосундагы көп жылдардан берки жылуу коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылат деген ишенимин белгиледи.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь КЭРдин Кыргызстандагы элчилиги эки тараптуу мамилелерди мындан ары жемиштүү өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий