• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинен бил диришкендей, отурумда КР министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коому биргелешкен долбоордук компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык комиссия – Кыргызстандын темир жолдор тармагын өнүктүрүү жана темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Жыйын соңунда тиешелүү министрликтерге, комитет, административдик ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, ведомстволор аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.

Кошумчалай кетсек, бул эл аралык темир жол долбоорун ишке ашыруу этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында 2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, КР министрлер кабинетинин жана Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий