• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу. Кыргызстанга өзбек адистери келди

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча биргелешкен Долбоордук кеңсенин ачылышына катышуу үчүн Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен "Өзбекстан темир жолдору" АКнын өкүлдөрү Кыргызстанга келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Кеңсенин ишинин максаты - долбоордун практикалык ишке ашырылышын тездетүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо.

Бүгүнкү күндө "Кыргыз темир жолу» УК" мамлекеттик ишканасы жана "Өзбекстан темир жолдору" АКы тарабынан "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча бардык зарыл болгон алдын ала иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 14-сентябрында Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий