• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу кылымдын долбоору - “Кабар” КУМАнын директору

Экономика 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир гана жол төшөө, эстакадаларды куруу жана тоннелдерди бургулоо менен чектелбейт. Биз үчүн ири рыноктор жана жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигигинин директору Медербек Шерметалиев Кытайдын Синьхуа маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

"Долбоорду ишке ашыруу транспорт инфраструктурасын олуттуу өнүктүрүүнү камтыйт. Кыргызстанда темир жол станциялары жана соода-логистикалык борборлор пайда болот. Биз өзүбүздүн өнөр жайыбызды өнүктүрүүгө, айыл чарбасында жана кайра иштетүүдө өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алабыз. Бул долбоор өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууда да абдан маанилүү», - деп белгиледи ал.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (Түндүк-Батыш Кытай) Кашкардан башталып, Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жетет. Келечекте ал Батыш жана Түштүк Азияга чейин жетиши мүмкүн. Ал курулгандан кийин үч өлкөнүн ортосундагы байланышты бекемдеп, аймактык социалдык-экономикалык өнүгүүнү тездетет.

"Кыргызстан транзиттик потенциалы жагынан эле эмес, инвесторлор үчүн да жагымдуу өлкөгө айланат. Биз үчүн өндүрүш ишканаларын ачуу пайдалуу болот, анткени Кыргызстанда олуттуу адам ресурстары жана курулуштан баштап, өндүрүш тармагына чейин ар кандай тармактарда иштей ала турган жетиштүү даярдалган кадрлар бар», - деди ал.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Пекинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу аземи болуп өткөн. Ал эми бүгүн, 27-декабрда Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорун” ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий