• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстанга көп өзгөрүүлөрдү алып келет – Жаилов

Экономика 0

Бишкек, 27.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстанга бир катар өзгөрүүлөрдү алып келет. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов билдирди.

Анын пикиринде, аталган темир жол ишке кирсе Кытайдан келген товарлар Европа, Казакстан, Монголия аркылуу эмес түз келип, капиталдын жүгүртүүсү ыкчамдатылып инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Жүктөрдү ташуу убактысын жана чыгымдарды кыскартып, өлкө бюджетине кошумча кирешелер түшөт.

“Өлкө экономикасынын бардык тармактары өнүгөт. Мындан сырткары, темир жолдун курулушу менен өлкөнүн социалдык, туризм, миграция тармактары өсөт. Соода-сатык өнүгөт. Эң башкысы өлкөнүн туризм тармагы өнүгөт. Учурда өлкөнүн эң приоритеттүү тармагы туризм болуп жатпайбы. Туристтердин көбү учак менен келишет. Бирок өзүңөр билгендей кымбатка турат. Эгерде темир жол ишке кирсе, туристтердин агымы көбөймөк. Анын аркасында өлкө тездик менен өнүкмөк”, - деди ал.

Ошондой эле Жаилов кошумчалагандай, аталган долбоор темир жол менен эле чектелбестен аны менен катар темир жолду бойлото ар кандай инфрастуруктуралык түзүмдөр ишке кирет.

“Мисалыга алсак темир жол станциясы жана башка ишканалар курулат. Ал ишканаларда сөзсүз түрдө жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле калктын ушул темир жолду бойлото жашоосу үчүн жакшы шарттар түзүлөт. Анткени ал жерге сөзсүз түрдө электр жарыгы жеткирилет. Жаңы жолдор салынат. Жеке менин пикиримде ошол жерлерде жаңы типтеги шаарчалар пайда болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий