Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу тышкы байланыштарды кеңейтүүгө жол ачат – серепчи

Экономика 0

Бишкек, 19.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу тышкы байланыштарды кеңейтүүгө жол ачат. Бул тууралуу жол тармагы боюнча серепчи Талант Садакбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун Кыргызстан үчүн экономикалык жактан бир топ эле пайдасы чоң. Мында жүктөрдү ташууда транзитке удаа эле экспорттун үлүшү да көбөйөт.

“Бул темир жол курулса биздин өлкө үчүн пайдадан башка зыяны жок десек болот. Азыр биз Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө товарларды экспорттоп жатабыз. Эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке кирсе өлкөнүн башка мамлекеттер менен болгон тышкы байланыштары кеңеет. Кыргызстандын Каспийге, Иран, Түркия, Россияга чыгууга мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Экспортту кеңейтүүгө гана жол ачылбастан, импорттук продукцияларды Кыргызстанга алып келүүгө да шарттар түзүлөт”, - деди ал.

Ошондой эле Талантбек Садакбаев темир жолдун Кыргызстандын аймагындагы аралыгы курулуп баштаса, жол таманындагы айылдар өнүгүүсүн, анын ичинде жаңы жумуш орундарынын пайда болуусун шарттайт деген ойдо.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жүктөрдүн 80%ы жол транспорту аркылуу, 18%дайы темир жол менен ташылат. Темир жол жүктөрдү жеткирүүнүн убактысы менен аралыгын кыскартууга өбөлгө түзөт. Ошого жараша жүктөрдү дарегине алып баруу алда канча арзанга түшөт”, - дейт серепчи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий