• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Президенттин “Ынтымак-Ордо” администрациясында Кыргызстандын министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болду.

Инвестициялык макулдашууга министрлер кабинети тарабынан – транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ал эми инвестор тараптан – “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койду.

Анда сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, бул маанилүү “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлуп жатышы сүйлөшүүлөр процессинин узак жана татаал мезгилинен аймактык жана эл аралык мааниси терең масштабдагы инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруунун практикалык планына өтүп жатканын билдирди.

“Бардыгыңыздарды бүгүн кол коюлган инвестициялык макулдашуу боюнча биргелешкен ишиңиздердин ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Биздин мамлекеттердин жетекчилеринин колдоосу жана чечкиндүүлүгү болбосо маселенин мындай ийгиликтүү илгерилеши мүмкүн эмес эле. Жетекчилерибиздин ар тараптуу колдоосу менен гана бүгүн биз бул долбоордун фундаменталдык документтеринин бирине кол коюуга мүмкүнчүлүк алдык”, — деди минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Ал эми Кытай жана Өзбекстан тараптан, Кытайдын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоцзе жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Иязходжаев баштаган делегация мүчөлөрү катышты.

Иш-чарага катышкандар, “Кытай-Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу — бул долбоорго катышкан өлкөлөрдүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү элементи экенин жана өлкөлөргө социалдык-экономикалык натыйжаны гана алып келбестен, региондор аралык байланыштарды чыңдарын билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун баштоого старт берилет.

Пикир

Оставить комментарий