Пекинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Кытайда Пекин шаарында Кыргыз Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өттү.

Макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытайдын Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов кол коюшту.

Макулдашууга кол коюу аземинин алдында үч өлкөнүн лидерлеринин видео кайрылуулары угулду.

Пикир

Оставить комментарий