• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун өз мөөнөтүндө, жогорку сапатта бүтүрөбүз деп ишенем – президент

Президент 0

Бишкек, 27.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда алдыда дагы көптөгөн иштер турат, бирок тыгыз кызматташуунун аркасында бул долбоорду өз мөөнөтүндө жана жогорку сапатта бүтүрөбүз деп бекем ишенем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштеринин башталышына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, бул стратегиялык маанилүү темир жолдун курулушунун алгачкы ташын коюу биргелешкен чоң иштин башталышы.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат. Долбоорду ишке ашырууга салым кошом дегендердин бардыгына чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Бул темир жол биздин өлкөлөрүбүздүн достугунун, кызматташтыгынын жана өсүп-өнүгүшүнүн белгиси болот деп ишенем”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий