Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын жана Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикасына чоң түрткү бере турган тарыхый долбоор болуп саналат. Бул магистралдын ишке ашуусу аймактын транспорттук жана логистикалык потенциалын жогорулатып, соода агымдарын диверсификациялоого жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу саясий илимдердин кандидаты, доцент Жибек Абдыкеримова "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун" экономикалык потенциалы зор. Темир жол курулушунун эң чоң артыкчылыктарынын бири — Кыргызстандын географиялык жайгашуусун толук колдонуу мүмкүнчүлүгү. Өлкөбүз Кытайды Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын рынктары менен байланыштыра турган маанилүү стратегиялык түйүн катары мааниге ээ.
Темир жол ишке берилгенден кийин:
1. Соода агымдары өсүп, жүк ташуу үчүн жаңы жана экономикалык жагынан натыйжалуу маршрут ачылат. Бул жергиликтүү ишканаларга Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгууга мүмкүндүк берет.
2. Инфраструктура жакшырып, темир жолдун курулушу менен бирге жолдор, станциялар жана байланыш түйүндөрү сыяктуу инфраструктуралар да жаңыланат. Бул ички экономиканын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.
3. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, курулуш учурунда жана долбоор ишке киргенден кийин логистика, тейлөө жана башка тармактарда миңдеген жаңы жумуш орундары пайда болот.
Муну менен катар темир жол долбооруна Кытай жана Өзбекстандын ири инвестициялары тартылган. Бул Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталды тартуу процессин ылдамдатып, өлкөнүн инвестициялык чөйрөсүнүн тартымдуулугун жогорулатат. Эл аралык кызматташтыктын чыңдалышы да Кыргызстандын геосаясий аброюн бекемдейт.
Соода жана туризмдин өнүгүүсү:
Темир жол жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн да колдонулат. Бул Кыргызстандын туризм секторун өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Тез, коопсуз жана жеткиликтүү транспорттук байланыш туристтердин агымын көбөйтүп, ички экономикага кошумча киреше алып келет.
Экологиялык аспект:
Темир жол — экологиялык жактан эң таза транспорт түрлөрүнүн бири. Ал автотранспортко салыштырмалуу күйүүчү майды азыраак колдонот жана атмосферага зыяндуу заттарды азыраак чыгарат. Бул фактор айлана-чөйрөнү коргоо боюнча глобалдык талаптарга жооп берет.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу — бул жөн гана транспорттук магистраль эмес, Кыргызстандын экономикасынын структуралык трансформациясына өбөлгө түзө турган долбоор. Жаңы соода байланыштары, инфраструктуранын жакшырылышы жана инвестициялардын көбөйүшү аркылуу өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салым кошулат.
"Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу Кыргызстандын регионалдык жана глобалдык рыноктордогу ордун бекемдейт жана өлкөбүздү экономикалык өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгарат",-деп белгиледи ал.
Пикир
Оставить комментарий