• 89.43
  • 97.09
  • 0.97

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж ТЭН даяр болуп, болжолдуу чыгымдар аныкталды

Аналитика 0

Парламенттин жыйынында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы депутаттарга “Жибек Жолунун” жаңы бөлүгү боло турган темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктаганы тууралуу маалымат берди. Долбоордун акыркы тактоолору жана майда-чүйдөсүнө чейин президент Садыр Жапаровдун май айынын экинчи жарымында Кытайга боло турган сапары учурунда макулдашылышы ыктымал.

“Эгерде мамлекет башчылары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо моделин бекитишсе, анда иш башталат. Техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөрүлүп, ыңгайлаштырылууда. Учурда каржылоонун жалпы көлөмү такталууда, ал 3-5 млрд доллар деңгээлинде болот биздин аймактан 57 чакырым гана тоннел өтөт”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана адистер келечектеги темир жолдун трассасынын рельефи абдан татаал экенин белгилешүүдө. Долбоордун эң көп убакытты жана каражатты талап кыла турган бөлүгу эстакадаларды куруу жана тоо кыркалары аркылуу туннелдерди тешүү болуп саналат. Демек, аны ишке ашыруу мөөнөтү, башка нерселер менен катар табигый факторлорго, мисалы, бийик тоолордун татаал климаттык шарттарына, же тоо тектеринин катуулугуна жараша болот, мында тирөөчтөрдү тереңдетүү, галереяларды орнотуу жана тоннелдерди тешүү зарыл.

Адистердин айтымында, темир жолдун 280 чакырымдык бөлүгүн куруу 3-4 жылга созулат.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун флагмандык долбоор деп атаган. Төмөндө мамлекет башчысынын долбоор талкууланып жаткан маалда “Кабар” маалымат агенттигине берген маегин келтиребиз:

“Бул жол курулса, туңгуюктан чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жаңы жумуш орундары пайда болуп, экономикабыз өнүгөт, тышкы карыздардан кутулабыз”.

Экономика үчүн транспорттук артериялар жапайы жаныбарлар үчүн сугат каналдарына окшош: алар өткөн жерде ландшафт толугу менен өзгөрөт, өсүү жана өнүгүү үчүн шарттар түзүлөт. Биздин экономика үчүн бул - инвестициялардын агымы, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы жана ишкердик активдүүлүктүн жогорулашы: суусаган өсүмдүктөрдү сугаруу менен барабар.

Саясат таануучу Марс Сариев Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү жаңы трансконтиненталдык жүк ташуу каттамын ачууга кызыкдар экенин, анткени жаңы логистикалык чынжырлардын түзүлүшү экономикалык өсүш үчүн мүмкүнчүлүк терезесин түзүп, аймактык кызматташтыкты арттырарын баса белгиледи. “Мындай транспорттук коридорлор канчалык көп түзүлсө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар дос өлкөлөр үчүн ошончолук көп мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул долбоордун чоң келечеги бар.

Ал эми Кыргызстанга келсек, биз Каспий деңизиндеги деңиз портторуна түз чыгабыз, ал жактан бизге каалаган багыт ачылат - ал тургай Россияга, жада калса Европага да, Иран аркылуу Жакынкы Чыгышка жана андан ары карай дүйнөнүн каалаган жерине эң кыска жол болот”, - деди Марс Сариев.

Адистер чындыгында биздин аймак жаңы мүмкүнчүлүктөр жана реалдуулуктар менен кайра жанданган Жибек Жолунун борборуна айланып баратканын белгилешет. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан соода жолдорунун кесилишинде турат жана Евразия континентиндеги негизги жүк ташуучу борборлордун бири болууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий