• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кытай Кыргызстандан бал, алкоголь жана сүт азыктарын импорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 26.10.22 /Кабар/. Кытай Кыргызстандан бал, спирт жана сүт азыктарынын импортун көбөйтүүгө даяр. Бул маселе Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев менен Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнүн кеңешчиси Ли Юэ менен болгон жолугушууда талкууланды.

Агенттиктен билдиришкендей, талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин динамикасын активдештирүү маселеси болду.

Темиралиев агенттиктин максаты соода мамилелеринин өлчөмүн ырааттуу жогорулатуу, өз ара пайдаланууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тең салмактуу өнүктүрүүгө дем берүү, ошондой эле кыргыз продукциясын КЭР рыногуна экспорттоону көбөйтүү экендигин белгиледи.

“Экспорт, импорт, ишкердик, инвестициялар – булардын бардыгы бири-бирине байланышкан нерселер, алар кыргыз – кытай мамилелерин өнүктүрүүнүн башкы катализатору болуп саналат”, – деп белгиледи У.Темиралиев.

Өз кезегинде Ли Юе кытай базарлары кыргыз продукциясы, атап айтканда бал, сүт жана алкоголь азыктары менен тааныштыгын айтып, кыргыз продукциясы суроо-талапка ээ экендигин жана кытай компаниялары өз ара кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык жагымдуулук, ошондой эле мамлекеттин инвесторлорго берчү жеңилдиктер жана өзгөчө жеңилдиктер маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын продукциясы менен таанышууга, биргелешкен ишканаларды түзүү маселелерин талкуулоого, өз ара пайдалуу чечимдерин табууга аянтчаларды түзүү зарылчыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий