• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кытай тарапка Кыргызстанда ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашкан дүйнө жүзүндөгү эң ири гидроэлектростанция делген “Үч капчыгайга” барды.

Кыргызстандан барган делегациясынын курамында энергетика министри Таалайбек Ибраев, Курулуп жаткан электростанциялары дирекциясы, Электр станциялары сыяктуу өлкөнүн энергетикалык компанияларынын жетекчилери менен адистерине Хубэй провинциясынын Тышкы байланыштар департаментинин жетекчилиги жана кытайлык энергетиктер “Үч капчыгай” ГЭСи тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда тараптар гидроэнергетика тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, андан соң кытай тарапка Кыргызстанга келип кетүүгө жана ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды.

Белгилей кетсек, “Үч капчыгай” Кытайдын Янцзы дарыясында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң ГЭС. Кытайлык энергетиктердин айтымында, гидроэлектростанциянын жалпы кубаттуулугу 22 миң 250 МВт. Плотинанын бийиктиги 185 метр, узундугу 2,3 чакырым.

Пикир

Оставить комментарий