• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кытайда 6 окуучу сууга чөгүп каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кытайдын Ляонин провинциясындагы Ляохэ дарыясына 6 мектеп окуучусу чөгүп кеткен. Бул тууралуу Тайань районунун пропаганда бөлүмүнөн билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, Сифо калктуу конушунун орто мектебинде окуган 7 окуучу бейшемби күнү Ляохэ дарыясына сууга түшкөнү барышкан. Натыйжада 6 окуучу сууга чөгүп кеткен.

"12-июль күнү саат 07.10до сууга чөккөн алты окуучунун жансыз денеси табылган", - деп пропаганда бөлүмүнүн Weibo микроблогуна билдирүүсүндө жазылган.

Ляохэ дарыя Маньчжуриянын түштүгүндөгү орун алган ири дарыя. Анын узундугу 1345 километрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий