• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун 39 миң 791 учуру катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Кытай бийлиги коронавирус оорусунун рекорддук өсүшү тууралуу маалымдады. Бул тууралуу Кыргызстандын Республикалык штабынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Кытайда акыркы күндөрү коронавирустун 39 миң 791 жаңы учур аныкталган. Алардын ичинен 3 миң 709унда оорунун белгилери билинген, 36 миң 82синде белгилери билинбеген учур. Мындан тышкары, бир адам каза болгон.

Ошентип, Кытайда COVID-19ду жугузуу учурлары 271 миң 159га чейин өсүп, ал эми адам өлүмүнүн саны 5 миң 233кө жеткен.

Өлкөдө төрт күн катары менен коронавирус илдетине чалдыгуунун рекорддук саны катталууда.

Пикир

Оставить комментарий