• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кытайда алгачкы жолу бир сутканын ичинде коронавирустан бир дагы адам өлгөн жок

Дүйнө 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Кытайдын материктик бөлүгүндө январдан бери алгачкы жолу бир сутканын ичинде коронавирустан бир дагы адам өлгөн жок. Жалпы өлкө боюнча 32 кишиде COVID-19 аныкталса, алардын бардыгы чет өлкөдөн келген адамдар.

Пандемия башталгандан бери Кытайда жалпысынан 82 миңге жакын адамга вирус жуккан. Алардын 3,3 миңден ашыгы каза болуп, 77 миңден ашыгы айыкты.

Дүйнөдө бир сутканын ичинде COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 5,3 миңге көбөйүп, 74,8 миңге жетти. Илдеттен каза болгондордун саны боюнча Италия (16 523) алдыңкы орунда. Андан кийин Испания (13 341), АКШ (8 820), Франция (8 911), Улуу Британия (5 373), Иран (3 739) жана Кытай (3 331) турат.

Пикир

Оставить комментарий