• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кытайда “Бир алкак – бир жол” ЖМКлардын кызматташтык форуму башталды

Дүйнө 0

Боао, 30.10.18. /Кабар/. Кытайдын Хайнань провинциясындагы Боао шаарында бешинчи эл аралык “Бир алкак – бир жол” ЖМКлардын кызматташтык форуму “Биргелешип куруу, пайдалануу, кызматташуу жана өз ара утуш” деген темада өз ишин баштады.

Форум “Жэньминь жибао” гезити, Хайнань провинциясынын партиялык комитети жана Хайнань өкмөтү тарабынан уюштурулган.

Форумга 100гө жакын өлкөнүн 250дөн ашык алдыңкы ЖМКларынан 800дөй өкүл, андан тышкары саясатчы, ишкер жана эксперттер катышып жатат.

Салтанаттуу ачылыш аземи учурунда “Жэньминь Жибао” гезитинин президенти Ли Баошан КЭР төрагасы “Бир алкак - бир жолдун” курулушун жарыялагандан кийин бул Кытайда өтүп жаткан бешинчи форум экенин белгиледи. Учурда аталган медиафорум өлкөлөр ортосундагы диалог үчүн кадырлуу аянтчага айланды.

“Бир алкак - бир жол” бул саясаттын эмес, өнүгүү жана кызматташуунун жолу. Эгер өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алдыга жылгысы келсе, алар жабык болбой өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүүгө жана алууга ачык болушу зарыл. “Бир алкак - бир жолдун” максаты – өз ара пайдалуу кызматташуу”, - деди Ли Баошан.

Форум алгачкы ирет 2014-жылы КЭР төрагасы Си Цзиньпин Жибек жолу жана Деңиз жибек жолу экономикалык алкагын биргеликте куруу демилгеси менен чыккандан кийин өткөн.

Пикир

Оставить комментарий