Кытайда коронавирусту 70 миңдей жаран жуктуруп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 72, 4 миң адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Илдеттен 1,8 миң адам каза болуп, 12,5 миңи айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Акыркы бир күндө аталган ооруну 1886 адам жуктурса, 98и көз жумган. Ошондой эле 1701 жаран ооруканадан чыгарылган.

Буга чейин Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 10 миң 884 адамга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий