Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 78 миң 497ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Илдеттен 2 миң 744 адам каза болду жана 32 миң 495 жаран оорудан айыкты.
Маалыматка ылайык, бир суткада 29 адам каза болуп, 433ү ооруну жуктуруп, 2 миң 750 адам айыккан.
Ал эми Хубей провинциясында илдетти жуктурган 409 жаңы учур катталган.
Пикир
Оставить комментарий