• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кытайда өткөн "Чыгыш кубогу" мелдешинде кыргыз студенттери күмүш медаль тагынды

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз-кытай институтунун курамынан турган студенттердин командасы Кытайдын Сиань шаарындагы масштабдуу иш-чарага катышып келишти.

Жогорку окуу жайдан билдиришкендей, "Бир алкак-бир жол" эл аралык колледжинде ишкерликке арналган "Чакырык кубогу" аталыштагы мелдеши өтүп, ага улуттук университеттин студенттер тобу өздөрүнүн новатордук идеяларын жана ишкердик жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышты. Мелдеш тажрыйба алмашуунун жана чыгармачылык менен иш барып баруунун, ошондой эле студенттер үчүн бизнес тармагында атын чыгарууга мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн аянтча болуп калды.

Сынакка 15тен ашык өлкө катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Анын ичинде Кыргызстандын студенттеринин "Замандан артта калба" номинациясындагы заманбап технологиялар менен учурдагы бизнес-идеяларды айкалыштырган долбоору калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

Конкурс англис жана кытай тилдеринде өткөрүлүп, катышуучуларга дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген атаандаштар менен тажрыйба жана идея алмашууга мүмкүндүк берди. Студенттердин мындай масштабдуу мелдештерге алгачкы катышуу тажрыйбалары болгондуктарына карабастан, мыкты даярдыктын, чыгармачылык менен иш алып баруунун жана талыкпай эмгектенүүнүн натыйжасында улуттук университеттин командасы күмүш медалга татыды.


"Чакырык кубогу" мелдеш гана болбостон, жаштардын арасында ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн аянтчасы да болуп калды. Катышуучулар тажрыйбалуу ишкерлерден жана эксперттерден баалуу кеңештерди алууга жетишишти, ошондой эле пайдалуу ишкер байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк алышты.

Пикир

Оставить комментарий