• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кытайдан аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 5100 кг жумушчу колкап Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Нарын” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Торугарт” өткөрмө пунктунда Кытай Эл Республикасынан келген жүк ташуучу автоунааны текшерген учурда бажылык декларациядан өткөрүлбөгөн 170 кап, жалпы салмагы 5100 кг болгон 102 миң даана жумушчу колкап табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий