Кытайдан келген судьялар КР Жогорку сотунда болушту

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын судьялары Кыргызстандын Жогорку сотунда болушту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кытай делегациясынын курамында делегациянын башчысы, улук судья, Шаньдундун Жогорку элдик соттун төрагасынын орун басары Цзян Дунбинь, улук судья, орто этаптагы элдик соттун төрагасы Циндао Чжан Чжэнчжи, улук судья, орто этаптагы Элдик соттун төрагасы Яньтая Юй Сяодун, улук судья, Шандундун Жогорку элдик сотунун үчүнчү жазык палатасынын башкы судьясы Лю Чжэньхуэй, Шандундун Жогорку элдик сотунун биринчи жазык палатасынын улук судьясы, Башкы судьянын орун басары Луо Ин, Шандундун Жогорку элдик сотунун төртүнчү жазык палатасынын башкы судьясы Ли Чэньтао бар.

Аларды КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев жана Шералы Камчыбеков, ошондой эле Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров кабыл алышты.

Бул сапар өткөн жылы Шандун провинциясынын Жогорку элдик соту тарабынан ийгиликтүү өткөрүлгөн Кытай-ШКУ Аймактык сотторунун судьяларынын экинчи форумунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашуулардын уландысы болду. Иш-чара соттук тажрыйба алмашууга жана ШКУ өлкөлөрүнүн регионалдык сотторунун ортосундагы кызматташтыкты алга жылдырууга, ошондой эле соттук өз ара аракеттенүү механизмдерин кеңейтүүгө багытталган.

"Бүгүнкү иш сапарыңыздар Кыргызстан менен Кытайдын сот системаларынын, анын ичинде Шандундун Жогорку элдик сотунун ортосундагы байланыштардын барган сайын бекемделип жаткандыгын айгинелейт. Биз бул кызматташтыкты улантууга, тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө даярбыз. Кытай менен Кыргызстанды көп жылдык достук жана коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Президент Садыр Жапаров жана КЭР төрагасы Си Цзиньпин Сиань шаарындагы жолугушууда жаңы доордо кытай-кыргыз мамилелерин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрөөрүн жарыялашкан. Буга байланыштуу сот тармагындагы кызматташтык биздин мамлекеттердин эки тараптуу мамилелеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат", — деди Нурлан Мусаев.

Ошондой эле тараптар КР Жогорку соту менен КЭР Жогорку элдик соту көп жылдар бою достук мамилелерди сактап келишкендиги белгиленди.

Ушул жылы октябрда кыргыз делегациясы КЭР Жогорку Элдик соту уюштурган соттук кызматташтык боюнча "Деңиз жибек жолу" эл аралык форумуна катышууга чакырылган. Форумдун алкагында КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен КЭ Жогорку элдик сотунун төрагасы Чжан Цзюндун ортосунда эки тараптуу жемиштүү жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө сотторду санариптештирүүнүн алкагында кызматташууну күчөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилген.

Бул күндөрү кытайлык делегация бир катар сот органдарына баруусу күтүлүүдө. Анын ичинде Бишкек шаардык соту, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жана Ысык-Көл облусунун Сот адилеттик үйү.

Пикир

Оставить комментарий