• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кытайдын элчилиги маданият жана искусство мектептерине музыкалык аспаптарды тапшырды

Маданият 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-декабрда, П.Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектебинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан маданият жана искусство мектептерине грант катары музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Тапшыруу аземинде Азамат Жаманкулов Кытай элчиси Ду Дэвэнге маданият жана искусство багытында бирге алып барып жаткан иш аракеттер жемиштүү болуп жаткандыгына токтолуп, мындан ары кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга даяр экендигин маалымдады. Биргелешип мындай аракеттерди көрүү менен, өсүп келе жаткан жаш муундарга, анын ичинде аймактагы маданиятты көтөрүүгө көмөк көрсөтүү, бул маданият тармагына кошуп жаткан кайтарымдуу инвестиция деп билсек болот, деп кошумчалады Азамат Жаманкулов.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь ар бир жасалып жаткан иштер маданият министрлиги тарабынан колдоого алынып келгендигин баса белгилеп, мындай кызматташуу уланат жана өз жемишин берет деп сөзүн улантты.

"Кытай Кыргызстан менен экономикалык жана гуманитардык байланыштар менен гана чектелбестен, маданий алакаларды бекемдөөсүн улантат. Ал байланышты элчилик жана Маданият министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын алкаганда жасала турган приоритеттүү жана келечектүү долбоорлор болушу керек", - деп сөзүн жыйынтыктады элчи.

Андан соң Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы борбордогу жана аймактардагы окуу жайларга баасы 2 млн 400 миң сомго турган музыкалык аспаптар салтанаттуу тапшырылды. Аспаптардын арасында фортепиано, саксафон, скрипка, кыл кыяк, флейта, гитара, өрүк комуз жана жетиген сындуу аспаптар бар.

Салтанаттан соң министр Азамат Жаманкулов жана элчи Ду Дэвэнь менен кыскартылган форматтагы сүйлөшүүлөр болуп, анда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Өз кезегинде элчи маданий алака менен бирге министрликтин тармактарынын кеңейип жаткандыгын кубаттоо менен, спорт тармагында да кызматташуу ниети бар экендигин айтып, биргелешкен долбоорлорду алып барууну сунуштады

Пикир

Оставить комментарий