Кытайдагы "кайра тарбиялоо лагерлери" тууралуу маалымат бир жылдан ашык убакыт мурда чыгып, көптөгөн массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда адамдар уурдалып, алар лагерлерде катаал шарттарда күч менен кармалганы тууралуу айтылган. Ошол эле учурда, андай "лагерлердин" болгону жөнүндө так далилдер болгон эмес.
Пекин ал маалыматты төгүндөп, аны Батыштын кысымы деп билдирген. Кытайдын элчилиги, "тарбия лагерлери" чынында Билим берүү жана кесиптик техникалык даярдоо борборлору экенин көрсөтүү үчүн чет элдик журналисттерге Синьцзян-Уйгур автономдук районунда (СУАР) экскурсия уюштурган.
Синьцзянда чынында эмне болуп жатканын көрүү үчүн Кыргызстандын журналисттери СУАРдагы Билим берүү жана кесиптик техникалык даярдоо борборлоруна барышты.
Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен кыргызстандык журналисттер Үрүмчү, Артыш, Кашкар шаарларында жана шаар четтеринде, Торугарттагы өткөрмө пунктунда, СУАРдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунда болуп келди.
Алгач эле журналисттер СУАРдагы диний экстремизм жана терроризм маселелерине арналган Үрүмчү шаарындагы көргөзмө комплексине барышты. Журналисттерге 90-жылдардан баштап 2018-жылга чейинки террордук актылар жана алардын натыйжаларынын хронологиясы көрсөтүлдү.
Диний экстремизмдин чыгышынын башкы себептеринин бири катары билимдин жетишсиздиги жана жергиликтүү мыйзамдарды билбегендик айтылат. Эгер чоң шаарларда диний экстремизм маселеси байкалбаса, айыл менен шаар четтеринде ал маселе курч турат. Көптөгөн жаштар диний ишенимдеринин таасири менен мектепке жана мамлекеттик мекемелерге барбай калган. Көптөрүн жергиликтүү мыйзам менен тилди билбегендиги абалды кыйындатууда.
Бат өнүгүп жаткан өнөр-жай, шаарлардын өсүшү менен бирге шаар четтериндеги калктын билиминин жетишсиздиги орун алып, жөнөкөй мыйзамдарды билбегендиктен өлкөдөгү мыйзам бузуулардын өсүшүнө алып келген.
Кытайдын өнүгүп келе жаткан аймагы үчүн ал чоң маселе болгон. Анткени жумушчу күчтү ишке тартуу үчүн калк билимдүү болуп, кандайдыр бир иш жөндөмү болушу керек.
"Кашкар өнүгүш үчүн - эл ишке жөндөмүү болуп, жазып, окуганды билиши керек. Биз дайыма эле каражат жумшай албайбыз. Биздин башкы максат - билим берүү. Мунун себеби, айылдарда эл мектепке барбайт. Алар бала кезинен Куранды гана окушат. Келечекте элге аралашып кетиши үчүн аларга билим берүү зарыл. Ушул жол менен гана келечектеги жакшы өзгөрүштөргө жетүүгө болот", - деди СУАР өкмөтүнүн эл аралык бөлүмүнүн башчысы Лю Цюиньтин.
"Кайра тарбиялоо лагерлерине" келсек, алар окуу жайлар экен. Биз Үрүмчү менен Кашкар шаарындагы бир нече окуу борборлоруна барып келдик. Ар бир борбордо, студенттерге теориялык жана практикалык билим берүү үчүн шарттар түзүлгөн.
Окуу корпустары, жатакана жана спорт аянтчалары чоң аймакты ээлеп турат. Чынын айталы, биз терезелерде темир тор, эшиктерде чоң кулпуларды көрөбүз деп күткөнбүз. Чынында, алар кадимки интернат түрүндөгү окуу жайлар экен. Биз барган окуу жайлардан 30-40 кишилик аудиторияларды, музыка, шахмат, сүрөт тартуу жана бий боюнча ийримдерин көрдүк.
Баардык борборлор бир принцип менен иштейт: теориялык жана практикалык сабактар алмак-салмак өтүлөт. Ар бир борбордо үч маал тамак берилип, чоң ашкана, жатакана, спорттук аянтчалар бар. Бир бөлөмдө 4-6 студент жашайт, анда кондиционер, телевизор, кийим салуучу эмерек, жуунчу бөлмөлөр бар экен.
Ошондой эле, Кесиптик даярдоо борборлорунда телефон менен сүйлөшүү үчүн жерлер, эс алуу бөлмөлөрү бар. Аны менен катар, студенттер сатуучу, бухгалтер болууга үйрөнгөн дүкөндөр иштейт экен. Ал дүкөндөрдөгү азык-түлүктөр, кадимки дүкөндөргө караганда студенттер үчүн 15% арзандатуу менен сатылат. Орточо эсеп менен ар бир борбордо 1 миңден 2 миңге чейин киши окуйт.
Биринчи кезекте борборлордо кытай тили, жазуусу жана мыйзамдары окутулат. Мындан тышкары, студенттер өз тандоосу менен бир кесипти үйрөнө алышат. Маселен, кийим бычуу, тигүү, чач-тарач же борбордун адистешкенине карап башка кесипти өздөштүрө алат. Ар бир борбордо каллиграфия жана чыгармачыл ийрим болуп, ал жерде музыка, бий, шахмат, сүрөт тартуу менен алектенүүгө болот.
Маселен, Кашкар шаарындагы Кесиптик даярдоо жана окутуу борборунда 2 миң адам окуйт. Алар, окуунун жүрүшүндө өтүлгөн курстары боюнча кесиптик даярдыгын аныктоо үчүн тестирлөөдөн өтүп турушат.
"Бизде окуу мөөнөт белгиленген эмес. Баары студенттин окушуна жараша болот. Алар мезгил-мезгили менен тестирлөөдөн өтүп турушат. Окуу мөөнөтү алардын өзүнө көз каранды. Студенттердин арасында алты-сегиз айда программаны өздөштүрүп алган таланттуу окуучулар бар. Бир жыл, бир жарым жыл окугандар да бар. Бизге студент программаны өздөштүрүп, жазганды, окуганды, иштегенди үйрөнүп алганы маанилүү", - деди Кашкар шаарындагы Кесиптик даярдоо жана окутуу борборунун директору Межит Махмуд.
Артыш шаарындагы ушундай эле борбордо 1 миңге жакын адам окуйт. Артыш шаарынын Кесиптик даярдоо жана окутуу борборунун директору Кайрат Журат билдиргендей, негизинен окуу жайына окуганды, жазганды билбеген жана кесиби жок адамдар түшөт.
"Биз аларды жөн гана окууга тартабыз. Көптөр билими жок келишет. Ошондуктан, аларды эч ким жумушка албайт. Биз жогорку билим бербейбиз. Бирок, алар коомго аралашып, жумуш табышы үчүн жетиштүү билим беребиз. Окутуунун башында ар бири менен окутуу боюнча келишим түзүлөт. Кесибин өздөштүргөндөн кийин алар окуу жайынан кете алышат", - деди Кайрат Журат.
Окуу борборлоруна ар кыл жаштагы адамдар, ар түрдүү себептер менен түшүшөт. Негизинен, алар - экстремисттик уюмдардын таасиринде калып, майда мыйзам бузууларды жасагандар. Алардын арасында техникалык билим алуу үчүн өздөрү келгендер да бар. Борбордо окутуу, жашоо жана тамактануу акысыз болгондуктан андай адамдар бир топту түзөт.
Маселен, борбордун 30 жаштагы Амина Аяз аттуу студенти диний экстремисттик агымдын таасиринде калып, ал анын жашоосуна терс таасир этип, борборго келүүсүнө себеп болгон.
"Мен экстремисттердин таасиринде калдым. Алар өкмөткө иштөө күнөө экенин айтышкан. Мен балдарымды мектепке жибербей койгом. Бир кыз жана уулум бар. Аларды Куран боюнча окутчумун. Кийинчерээк, кызым ооруп калым, аны ооруканага алып баруу күнөө болот деп эсептегендиктен диндин жардамы менен дарылайм деп, молдону чакырчумун. Анан кызым каза болуп калды", - деди Амина Аяз.
Ал кошумчалагандай, экстремисттик уюмдун таасирине берилип, мамлекеттик кызматтарды пайдаланбай, заманбап жашоодон четтегенине өкүнөт. Учурда, ал, техникалык кесипке ээ болууну көздөп жатат.
Борбордун башка окуучусу Надира Амет да диний экстремисттик уюмдун таасирине берилип кеткен. Ал диний уюмдун эсебине акча которуп турган.
"Биздин айылда молдо бар эле. Ал экстремисттик идеяларды үгүттөп, чет элдик террористтик топторду колдочу. Мен да колдоп, каржылап турчумун. Менин дарыгерликти окуган сиңдим бар болчу. Бирок, анын өкмөткө иштөөсүнө каршы элем. Себеби, аны күнөө деп санап, анын ишине жолтоолук кылгам. Профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин окутуу борборуна келдим", - деди Надира Амет.
Көптөгөн студенттер, экстремисттик маанайдагы диний уюмдардын таасирине берилип, Интернет аркылуу Кытайдын мыйзамдарына каршы келген экстремисттик видеороликтерди, чакырыктарды жайылтууга аралашышкан. Кийинчерээк өзүнүн адашканын сезишип окутуу борборлоруна келишкен.
Жалпысынан бул окуу жайлардагы маанай жакшы. Негизинен, аларды атайын борборго чакырылган мектеп мугалимдери окутушат.
Окуу жайды аяктагандан кийин студенттер техникалык кесиби тууралуу сертификат алышат. Кашкардагы кесиптик даярдоо жана окутуу борборунун директору Межит Махмуд билдиргендей, студенттер жаңы келгенде же окуу жүрүшүндө кесип тандай алышат.
СУАР өкмөтү бул чаралары менен, билим берүү жана калктын иш маселесин гана чечпей, аймактагы кылмыштуулуктун деңгээлин азайтууда.
Пикир
Оставить комментарий