• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кытайдын жараны 20 жыл бою мурдунда өсүп калган тишти байкаган эмес

Дүйнө 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Кытайдын Харбин шаарынын тургуну 20 жыл бою мурдунда өсүп калган тишти байкабай жашап келген. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат.

Эркек киши ноябрь айынын башында дарыгерге кайрылган. Ал акыркы үч айда мурундун бүтүшү, дем алууда көйгөй жаралып атканын жана кечкисин начар уктап жатканын айтып кайрылган. Дарыгерлер бейтаптын рентген сүрөтүн карап чыгып, мурун көңдөйүндө уюган бир нерсени байкашкан. Кийинчирээк ал уюган нерсе тиш болуп чыккан.

Көрсө, 1999-жылы бейтап 10 жаш курагында соода түйүндүн үчүнчү кабатынан кулап түшкөндүктөн эки тишинен ажыраган. Анын бирөөсү мурдуна кирип, ошол жерде өсүп калган.

"Күн мурун хирургдар жарым сааттык операция жасашып, бейтаптын мурдунан 1 см тишти алып чыгышкан. Учурда, ал өзүн жакшы сезип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий