Кытайлык инвесторлор Нарында текстиль фабрикасын курууга ниеттенүүдө

Аймак 0


Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Нарынга Кытайдын Ухань аймагынан потенциалдуу инвесторлор, ири мамлекеттик текстиль фабрикасынын өкүлдөрүнөн турган делегация келди.

Президенттин Нарын ооблусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар менен Нарын облусуна текстиль фабрикасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Инвесторлорго өнөр жай объектилерин курууга мүмкүн болгон жер тилкелери көрсөтүлдү.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Нарын облусунун аймагы үчүн текстиль өнөр жайын өнүктүрүү абдан маанилүү. Анткени кыска мөөнөттө жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана экспортко чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

Пикир

Оставить комментарий