Кытайлык компания Ысык-Көлдө медициналык туризмди өнүктүрүүнү пландоодо

Аймак 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев Kindstar Global Gene Technology, Inc. компаниясынын өкүлү Ван Яояо баштаган делегацияны кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жыйында туризм тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Ысык-Көлдү эл аралык туристтик аймак катары таанытуу жана медициналык туризмди өнүктүрүү маселелери каралды.

Облус жетекчи Уланбек Далиев делегацияны жылуу кабыл алып, медициналык туризмди өнүктүрүү облус үчүн приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

"Ысык-Көл облусунда тармактык туризмди өнүктүрүү биздин негизги багыттарыбыздын бири болуп эсептелет. Анын ичинен медициналык туризмди өнүктүрүү облусубуздун потенциалын дагы да болсо кененирээк ачып, келген конокторубузга жана ошондой эле калктын ден-соолугун чыңдоого өбөлгө түзөт", - деди ал.

Ванг Яояо медициналык тейлөөнүн деңгээлин бир топ жакшырта ала турган комплекстүү жана системалуу адистештирилген клиникалык тестирлөө жаатында компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн жана тажрыйбасы тууралу маалымат берди.

"Биздин компания алдыңкы медициналык технологияларды жана тестирлөө ыкмаларын киргизүүгө умтулат жана биз Ысык-Көл облусу менен медициналык туризм жаатындагы кызматташууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Биз комплекстүү жана системалуу адистештирилген клиникалык тестирлөө кызматтарын сунуштайбыз жана биздин технологиялар Ысык-Көл облусунун калкына пайда алып келет деп үмүттөнөбүз", - деди ал.

Маалымат үчүн: Kindstar Global Gene Technology, Inc. — Кытайдагы жогорку технологиялык медициналык кызматтардын алдыңкы провайдери болуп саналат. 2003-жылы негизделген, компания 2021-жылдын июлунан бери (9960.HK) HKEX негизги биржасында катталган. Компания эл аралык стандарттарга ылайык алдыңкы технологияларды жана медициналык тестирлөө ыкмаларын ишке ашырат жана иштеп чыгат. Ири ооруканаларга комплекстүү жана системалуу адистештирилген клиникалык тестирлөө кызматтарын көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий