• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кытайлык компаниялар Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагы боюнча кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулады.

Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө Энергетика министрлиги менен кытайлык компаниялардын кызматташуусу, долбоорлорду ишке ашырууга болгон кадамдар, ишти баштоого болгон даярдык айтылды.

Мындан тышкары, тараптар жашыл энергетиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, күн-шамал электр станцияларын тездетип куруп бүткөрүү тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Алгач энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын электр энергиясына болгон потенциалы, ири долбоорлордун үстүндө инвесторлор менен болгон кызматташуу, инвестор үчүн мамлекет тарабынын жеңилдетилген мыйзамдар тууралуу маалымат берип өттү.

Муну менен катар министр эки өлкө ортосундагы энергетика тармагында биргеликте иш алып барып жаткан айрым кытайлык компаниялардын атын атап, алар менен мындан ары кызматташууга жана энергетиканы өнүктүрүүгө ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси эки өлкөнүн достук мамилесин баса белгилеп, кызматташууну мындан да тереңдетүү керек экенин айтып өттү.

Элчи Кытайдын энергетика жаатында эң тажрыйбага мол, таанымал айрым компаниялары ГЭС, күн-шамал электр станцияларын курууга кызыкдар экенин, аларды Кыргызстанга инвестор катары тартууга жардам берүүнү улантарын билдирди.

Жыйындын соңунда министр Таалайбек Ибраев Энергетика министрлигинин атынан энергетика тармагындагы кызматташууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге “Каарман” төш белгисин, элчинин жардамчысы Ван Цзенань жана элчиликтин консулдук башкармалыгынын башчысы Ху Чжунжуэйге "Ардак" грамота тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий