Кызыктуу оюн-зооктор, мастер-класстар. Бишкекте «Келечек муундарды тарбиялоо» аттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Жайкы диний лагерлердин катышуучуларына арналган «Келечек муундарды тарбиялоо» аталыштагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.

Жаш өспүрүмдөрдүн улуттук нарктуулукка болгон көз карашын жаңыртуу жана жандандыруу максатын көздөгөн иш-чара бүгүн, 13-июнда, Бишкектеги Республикалык ат спорту мектебинде өткөн.

Иш-чарада Jaaker этно лагери жана Республикалык ат спорту мектеби тарабынан жаа атуу боюнча мастер-класстар, ат жабдыктары тууралуу маалыматтар берилип, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.

Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров катышып, анын маанилүүлүгүнө токтолду. “Азыркы учурда мамлекетибизде өткөрүлүп жаткан ушул сыяктуу бир катар иш-чаралардын Кыргыз жараны Концепциясындагы артыкчылыктуу деп эсептелинген өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандырууда жана Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоодо, толеранттуулукту жогорулатууда жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоодо мааниси өтө чоң”, - деп баса белгиледи ал.


Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, 2021-2026-жылдары Кыргызстанда Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн жана 2021-2026-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепцияларынын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий