Кызыл китепке кирген ак илбирс — "Хан-Теңири" паркында фотокапканга түшкөн жырткыч

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Хан-Теңири" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында кызыл китепке кирген ак илбирс фотокапканга түшүп калган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы уникалдуу сүрөттөрдү жарыялады.

Маалымат үчүн: "Хан-Теңири" паркы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Ал 2016-жылы түзүлгөн. Өзгөчө коргоого алынган улуттук парк Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларына жакын турат. Жалпы аянты 275 миң 800,3 гектарды түзүп, Орто Азиянын ири парктарынын бири болот. Ал жерде Кызыл китепке кирген куштардын 100 түрү, жапайы жаныбарлардын 30 түрү бар.

Пикир

Оставить комментарий