• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунда тез жардам бөлүмү ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунда тез жардам бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Жоробаев Кызыл-Кыя катышты.

Андан соң, министр оорукананын материалдык-техникалык абалы менен таанышып чыгып, мында бейтаптарга карата камкордук, шарт жагдайдын түзүлүүсү жана дарыгерлер менен кызматкерлердин кесиптик милдетин аткаруудагы ишмердүүлүктөрүн да көрдү.

Муну менен катар, министр Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборундагы “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышты. Дарыкана жарандардын көптөгөн кайрылуу жана суранычынын негизинде уюштурулган.

Соңунда жалпы оорукананын жамаатын келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, министр Алымкадыр Бейшеналиев менен шаар мэри Асылбек Жоробаев эстелик үчүн оорукананын короосуна арча көчөтүн тигишти.

Пикир

Оставить комментарий