• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кызыл-Кыяда 12 миң кг азык-түлүк аткезчилиги аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 12 миң кг азык-түлүк аткезчилиги аныкталды,-деп билдирет Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы.

“Ыкчам-иликтөө иш-чаранын алкагында Баткен облусунун Кызы-Кыя шаарында “Скания 113м” үлгүсүндөгү унаа кармалып, мыйзамсыз азык-түлүктөр ачыкталган”,-деп айтылат маалыматта.

Товардын жалпы көлөмү 12 миң кг – суммасы 180 миң сомдү түзгөн.

Материалдар Ош облусунун прокуратурасы өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий