Кызыл-Кыяда калк арасында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кызыл-Кыяда калк арасында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБнин милиция кызматкерлери шаар аймагындагы эл көп жыйылган жайларда, мечиттерде мечиттин имам хатибдери менен биргеликте КР президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкорчулукка жол бербөө багытындагы чыккан жарлыгын жарандарга жеткирүүдө.

Ошондой эле үрп-адаттардын ашыкча ысырапкорчулугу элдин экономикалык жана социалдык жактан зыянга алып келе турганын түшүндүрүүдө. Жарандар тарабынан берилген суроолорго мечиттин имам хатибдери түшүнүктүү жоопторду берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий