• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ит табылып, жок кылынды. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат.

"Жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу жана иммуноглобулин дайындалган. Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда.", - деп айтылат маалыматта.

Кутурма – бул вакцина менен башкарылуучу зооноздук вирустук оору. Вирустун дээрлик 99% учуру адамдарга үй иттеринен жугат. Ошол эле учурда кутурма үй жаныбарларын гана эмес, жапайы жаныбарларды да жабыркатышы мүмкүн. Инфекция адамга жана жаныбарларга тиштеп же тытып алганда, көбүнчө шилекей аркылуу жугат.

Эгер сизди белгисиз ит тиштеп алган болсо:
- чаккан жерди дароо самын менен жуу;
- андан кийин тез арада жакынкы тез жардам бөлүмүнө кайрылуу керек же тез жардам кызматын чакыруу керек;
- дарыгер белгилеген эмдөө курсунан өтүү зарыл.

Дарыгер тиешелүү адистерге жөнөтөт, дарылоо курсу тиштегендин мүнөзүнө жана бейтаптын абалынын оордугуна жараша жекече тандалат. Эмдөө акысыз.

Пикир

Оставить комментарий