Кызыл жарым ай коому Жалал-Абадга 10 пульверизатор жана 50 таңгак хлор жеткирди

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кызыл жарым ай коому Жалал-Абад шаарынын 19 санитардык-көзөмөл өткөрүү пункттары үчүн 10 пульверизатор жана 50 таңгак хлор жеткирди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому Жалал-Абад облусундагы ӨКМ менен биргеликте COVID-19 жөнүндө атайын рупор аркылуу гигиенаны сактоо, алдын-ала сак болуу чаралары тууралуу маалымдашууда. Мындай иш аткаруулар башка облустарда дагы киргизилет.

Ыктыярчылар Жалал-Абад шаарындагы эл көп жайгашкан жерлерге: автобекет, базар, көчөлөргө жана үйлөргө тартылышууда.

Азыркы тапта кары адамдарга жардам көрсөтүлүп, гигиеналык каражаттар – антисептиктер, маскалар берилди.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий