• 87
  • 90.41
  • 0.84

Лахор шаарында Кыргызстандын соода, инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 2-ноябрында Лахор шаарындагы “Avari” мейманканасынын жыйындар залында "Кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелеринин келечеги: соода, инвестиция жана туризм боюнча өнөктөштүк" темасында бизнес форум жана тегерек стол өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараларды Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Лахордогу Тынчтыкты изилдөө борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин антикризисттик иш-чараларынын алкагында коронавирустун Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген кесепеттерин жоюу максатында уюштурган.

Кыргызстандын Пакистандагы соода, инвестициялык жана туристтик потенциалын тааныштыруу, пикир алмашуу аянтчасын түзүү, эки өлкөнүн экспорттоочуларын стимулдаштыруу чараларын талкуулоо жана мамлекеттик институттардын колдоосун талкуулоо - бизнес форумдун жана тегерек столдун максаты болду.

Бизнес форумдун жүрүшүндө элчи Э.Бейшембиев Кыргызстандын учурдагы саясий кырдаал жана социалдык-экономикалык кырдаалы жөнүндө кеңири доклад жасады, ошондой эле катышуучулардын көңүлүн эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнө ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде айыл чарба, текстиль жана фармацевтикалык тармактарда өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө бурду.

Иш-чараларга 70тен ашуун коноктор - Пакистандын соода, фармацевтикалык, текстилдик жана туристтик компанияларынын, мамлекеттик мекемелеринин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле алдыңкы аналитикалык борборлордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эксперттер катышты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жыйынтыгында ушул жылдын аягына чейин фармацевтика, текстиль жана туристтик компаниялардын катышуусунда Бишкек шаарында бизнес форум өткөрүү макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий