Лас-Вегастагы бейтапканада атышуу болду

Дүйнө 0

Бишкек, 30 июня /Кабар/. Лас-Вегастагы ооруканада бейтап ок чыгарып, эки адамды жарадар кылып, андан соң өзүн өзү өлтүргөн. Бул тууралуу “Las Vegas Review-Journal” басылмасы жазып чыкты.

Полиция кызматкери поликлиникада катталган киши аны кезексиз кабыл алууну суранып, ага баш тартышкан соң, ок чыгарып баштаганын билдирген.

Ок атышуу болгон бөлмөдө болжолу менен 10го чукул адам болгон. Куралчан киши эки медицина кызматкерин жарадар кылып, алар ооруканага жаткырылган. Мындан тышкар дагы эки киши жеңил жараттарды алышкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий