• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Латвиянын ТИМ башчысы 2022-жылдын башында иш сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Стокгольм шаарында ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасоо менен кыргыз-латвия мамилелеринин негизги маселелерин талкуулашты. Министр Э.Ринкевичс Кыргызстанга 2022-жылдын башында иш сапары менен келип кетүү ниетин тастыктады.

Соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Тараптар ошондой эле ар кандай эл аралык аянтчаларда бири-биринин демилгелерине колдоо кɵрсɵтүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий