• 87
  • 90.41
  • 0.84

Лебединовкада окуучуга кол көтөргөн мугалимдин жүрөгү кармап ооруканага жаткырылды

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Чүйдүн Лебединовка айылында мектеп окуучусуна кол көтөргөн мугалимдин жүрөгү кармап (инфаркт) ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим жаатында иштегендердин кесиптер бирлигинин борбордук комитетинин аппаратынын жетекчиси Ирина Афанасьева билдирди.

“Ал 53 жашта жана тажрыйбалуу мугалим. Уул-кызын жалгыз тарбиялап жатат. Мектеп жетекчилиги ага сөгүш жарыялайын деген, бирок ал өз каалоосу менен арыз жазган. Ооба, ал мыйзамдарды жана башкаларды бузган. Бирок ал адам да. Азыр чүнчүп кетти”, - дейт Афанасьева.

Эскерте кетсек, Аламүдүн районунда мугалим окуучуга кол көтөрүп жаткандагы видео соцтармакка тарап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий