• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 2024-жылдын 26-сентябрында 75 жаш курагында каза болду.

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. Алгач 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник, 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору болуп эмгектенген. 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-секретары болуп кызмат кылган.

Бегиш Аматов коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашып, 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элибиздин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Шакиев Н.Т., Азыгалиев Н.А., Исаева Дж.К., Сыдыгалиев Н.О., Абакиров Э.К., Абдибаева А.Н., Ажибаев Ч.И., Айдаралиев Э.Ш., Айдарбеков Ч.А., Айдарова А. А., Айжигитов С.А., Акаев Ж. К., Алиев М. К., Алимбеков Н. К., Алимжанова Н. Я., Алтынбеков А., Атажанов Ы. Ы., Атамбаев С.А., Ашимова Д.А., Бакасов У.Б., Бекешев Д.Д., Бердиев А., Джумабеков Д.А., Жакышов Р.Ш., Зулпуев С.М., Исатбек кызы А., Исираилов А.А., Калпаев Б.А., Кенжебаев А.Б., Кожокулова Г.А., Козуев А.А., Кокулов Э.К., Кубанычбеков И.К., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Лурова Л.Х., Мажитова Ш., Малиев А.К., Мамасадыков З.Д., Маматалиев М. А., Мамашова А.Т., Мамытов Т.Т., Марипов Б.А., Масабиров Т.А., Масалиев И.А., Маткеримов А.Т., Молдобекова Г.С., Мураталиев М.М., Нарматова Н.А., Нурбаев Ж.П., Омурзаков С.А., Ормонов У.З., Примов У.Б., Раимбачаева В.К., Рустамбек уулу С., Рысбаев Р.Р., Садырбаева Ж. Э., Саккараев М.Д., Салымбеков Ж.М., Самаков К.К., Самыйкожо М., Сарыбашов Т. Н., Сатыбалдиев Э.Р., Сулайманов К.К., Сулайманов Э.Н., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыков Б.У., Сыдыков М.Ж., Таалайбек кызы Ж., Талиева К.А., Ташиев Ш.К., Таштанбеков А.Д., Темирбаева М.О., Тентишев Б.Э., Токторбаев Ж.Ш., Токтошев Э.Т., Толонов Д.Э., Төлөнов Ч.Т., Турсунбаев А.А., Түлөбаев Б.З., Түмөнбаев А.Т., Тыналиев А.К., Ханджеза К.Л., Чойбеков Б.К., Шабазов Б.В. Эгембердиев А.А., Эрбаев А.Т., Эргешов Б.А.

Пикир

Оставить комментарий