Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынын 65%ы көмүр менен камсыздалды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмүр өндүрүүчү кендер менен түзүлгөн келишиминин негизинде айыл аймактарга 1124 тонна көмүр ташылып, арзандатылган баада сатылды.
“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан жалпы 85,6 тонна көмүрдүн бир кабы 260 сомдон таркатылды.
Мындан сырткары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 152,3 тонна көмүр берилди.
Жеке ишкерлер тарабынан 15 174 тонна көмүр сатылган. Белгилей кетсек, район аймагында жалпы 18 топ база уюштурулган.
Пикир
Оставить комментарий