• 87
  • 90.63
  • 0.79

Раззаков шаарында этти кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Баткен облусунун Раззаков шаарында мал союлуучу жана этти кайра иштетүүчү жай ачылып, пайдаланууга берилди.

Президентин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана күнүнө 50гө жакын ири мүйүздүү жана майда малды союп кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Алдыда этти кайра иштетүү пландалган. Жергиликтүү 10 жаран жумуш оруну менен камсыз болгон.

Ишкананы куруу үчүн Раззаков шаары 20 сотых жер участкасын трансформациядан өткөрүп, бөлүп берген. Лейлек райондук өнүктүрүү фонду ишкерге жеңилдетилген насыя берген.

Пикир

Оставить комментарий