Лейлекте коңшу мамлекеттин жараны мал уурулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Лейлекте коңшу мамлекеттин жараны мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Арка-2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну 9 баш бодо малы белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факт Лейлек Ррайондук милициясына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Лейлек райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын уюштуруп, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургуну аныкталып, кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Согди облусунун Б.Гафуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы У.Н. аттуу тургуну менен биргеликте ушул жылдын октябрь айынан бери жалпысынан 7 факт мал уурулуктарын жасап жүргөндүгү аныкталды.

Азыркы күндө кармалган 29 жаштагы У.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий