• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Лейлекте милиция 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди

Аймак 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Лейлек милициясы 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун Орозо айт күнү Лейлек районунун Катраң айылынын 76 жаштагы тургуну Назакат Максутова Раззаков шаарындагы базарда кол сумкасындагы 10 миң россия рубли жана 3 миң сомун жоготуп алган. Ал бүгүн базарда кызмат өтөгөн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө кайрылып, каражатын таап берүүгө жардам сураган.

Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ошол замат иликтөө иштерин жүргүзүп, эненин жоголгон сумкасын акчасы менен кошо таап берип ыраазычылыгын алды.

Пикир

Оставить комментарий