• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Лейлекте төрт өспүрүм кайырчылык кылып жүргөндүгү аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Лейлек районунунда 2022-жылдын 24-25-январь күндөрү “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө район аймагында жайгашкан орто мектептерде милиция кызматкерлери ата-энелерге, окуучуларга чогулуштарды уюштуруп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн жол коопсузудугу боюнча жол эрежелери окутулду.

Андан тышкары, базарларда, көчөлөрдө тилемчилик кылып жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо багытында иштер жүргүзүлүп, кайырчылык кылып жүргөн төрт өспүрүм аныкталган. "Алардын жашаган даректери таклатып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылды", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары тарабынан укук бузган фактылар аныкталган жок.

Пикир

Оставить комментарий