• 87
  • 90.63
  • 0.79

Лейлекте Тажикстанга 23 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары 23 баш бодо малды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү чек ара тозоту УКМК кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун аймагынан 23 баш бодо малды (22 бука жана 1 уй) Кыргызстандын аймагынан Тажикстанга мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Кыргызстандын эки жаранын кармады.

Мамлекеттик чек араны бузгандар кармалып, бодо малдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Белгиленгендей, УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана жаныбарларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөштү күчөтөт. Мындай аракеттер өлкөнүн экономикасына зыян келтирип, жарандардын коопсуздугуна шек келтирерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий