• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Лейлекте өткөн “Профилактика” иш-чарасынын жүрүшүндө 9 протокол толтурулду

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Лейлек районунда эки күндүк “Профилактика” аталыштагы иш-чарасы өткөрүлдү, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБнин кызматкерлери 5 топко бөлүнүп иш алып барды. Район аймагында жашаган тургундарга укук бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл арасында паспорттук режимдер өткөрүлдү.

Паспорттук режимдин жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын үй-мүлкүнө, мал-жандыктарына сак болуусу эскертилди жана алардын баары текшерилип, элдерге профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

“Профилактика” коддук иш-чарасынын жыйынтыгында мурда катталган бир уурулук кылмышынын бети ачылып, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесинин ("коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү") негизинде эки жаранга протокол толтурулуп, материал Лейлек райондук соттук кароого жиберилген.

Ал эми 133-134-беренелер ("ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин бузуу, каттоо мөөнөтүн бузуу") боюнча 7 жаранга протокол түзүлүп, анын ичинен төртөөнө эскертүүлөр берилип, үчөөнө айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий