• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лейлектен Бишкекке кетүүгө камынган жарандын жанынан 1,6 кг гашиш табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунан Бишкекке кетүүгө камынган жарандын жанынан 1,6 кг гашиш табылганын Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон жазык иши боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.

12-январда Исфана шаары аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автоунаа жолунда "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары Бишкекке жөнөгөн Н.А. аттуу Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургунунун жанынан өзгөчө жыты бар, целлофан пакетке оролгон бир даана, болжол менен салмагы 1кг 600 граммдан ашуун күрөң түстөгү зат табылып алынган.

Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда баңги затынын гашиш түрү экендиги аныкталган.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган 32 жаштагы Н.А. өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыштуу шериги Бишкек шаарында экендигин билдирген. Лейлек райондук милициясы Бишкектин Ленин райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынан Кара-Суу районунун 39 жаштагы И.Ш. аттуу тургуну аныкталып, кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар мурда оор берене менен соттолгондугу аныкталды.

Азыркы күндө кылмышка шектүү кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий